Арпачиевге карата козголгон кылмыш иши сотко өттү

CC BY 2.0 / Brian Turner / My Trusty GavelАрпачиевге карата козголгон кылмыш иши сотко өттү
Арпачиевге карата козголгон кылмыш иши сотко өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси 19-мартта иш кабинетинде 100 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

БИШКЕК, 21 мая — Sputnik. Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиевге карата козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөнүн Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. 

"Аталган кылмыш иши боюнча сот процессинин убактысы жана мөөнөтү боюнча кошумча маалымат берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Арпачиев 19-мартта өз кабинетинде 100 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Кармоону Башкы прокуратуранын ички тергөө бөлүмү жана Улуттук коомпсуздук мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы кызматы Башкы прокуратура кызматкери тарабынан АКШдагы кылмыш ишинин токтотулушу үчүн 200 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча жазылган жеке ишкердин арызынын негизинде жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0