Онкологиялык бейтаптарга жардам берүү фонду: уурдалган акча эч кимге бакыт алып келбейт

Жазылуу
Чогулган каражатка онкологиялык оорудан жапа тарткан балдарга кан, дары-дармек жана башка медициналык каражаттар сатылып алынат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кайрымдуулук фондунун Бишкек шаарында коюлган үкөктөрүнөн акча уурдоо биринчи жолу болуп жаткан жок. Мындай пикирин Help the Children-SKD уюмунун аткаруучу директору Елена Перевозникова Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, Бишкек шаарындагы ресторандардын биринен жана супермаркетке коюлган айнек урналардан кайрымдуулук үчүн чогултулган акча уурдалган.

"Бул биринчи жолу болуп жаткан жок, буга чейин да мындай окуялар болгон. Урнаны түрдүү себептер менен талкалашат. Мисалы, мас болуп, кокустуктан. Бирок, башкы себеп – албетте акча", — деди фондунун кызматкери.

Үкөктөн акча маал-маалы менен эки-үч айда бирден алынып турарын айткан Перевозникова, беш миң сомдон сегиз миңге чейин чогуларын кошумчалады.

"Биз ууруларга кайрылат элек: акчаны кайтарбай деле койсоңор болот, ал силерге бакыт алып келбейт, бирок, мындай кадамдарга барбагыла. Чогулган акчага жарып деле кетпейсиңер, бирок, ал каражатка жок дегенде бир балага жардам бермекпиз", — деди ал.

Перевозникованын айтымында, былтыр кайрымдуулуктан бир миллион сомго жакын каражат чогулган жана балдарга алты миллион сомдук жардам көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0