Депутат диний кырдаал боюнча мекеме аралык комиссия түзүүнү сунуштады

© Фото / Пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте учурдагы өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, бул жаатта атайын комиссия түзүү зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев өкмөт башчынын жетекчилигинде диний кырдаал боюнча мекеме аралык комиссия түзө турган учур келгенин, антпесе прокуратура, коопсуздук органдары тарабынан жасалган эбегейсиз иштер текке кетип калып жатканын айтты.

ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланды. 

"Республикада диний өңүттө пайда болгон көйгөйдү утурлай чыгып чечиш керек. Аны менен дал ушул мекеме аралык комиссия алектенип, иш жүргүзүшү зарыл", — деди Осмоналиев.

УКМК: Сирияга динди жаңыдан таанып баштаган жаштар кетип жатышат
ЖК депутаттары Гүласал Садырбаева менен Элмира Иманалиева ислам окуу жайларынын окуу программалары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан иштелип чыгаарын тактап, "Диндердин тарыхы" сабагы мектептерге киргизилбей жаткандыгын, диний кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүн координациялык аракети байкалбай, тиешелүү министрликтер менен мекемелер өз-өзүнчө иш жүргүзүп жатышканын сынга алышты.

Православ орус чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жетекчиси Семен Кузнецов (Епископ Даниил) дин чөйрөсүндө жарала турган маселелердин алдын алуу, тез арада чара көрүү максатында дин жаатына тиешеси бар мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды.

"Манас" кыргыз-түрк университетинин теология факультетинин деканынын орун басары Бакыт Мырзараимов жаштардын радикал жана салттуу диндерди айырмалап таанышы үчүн мектептерде, ЖОЖдордо дин таануу сабагын киргизүү, Билим берүү, илим министрлигинде диний билим берүү жаатын жөнгө салуу боюнча департамент түзүү тууралуу сунуш киргизди. 

Жыйынтыгында комитет КР Өкмөтүнө, күч түзүмдөрүнө, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга, тармактык министрликтерге тиешелүү тапшырмаларды берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0