КРдин башкы нефрологу: каза болгон дарыгердин ордуна киши жок

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүнүн бейтаптары операциядан кийин карай турган нефрологдун жоктугунан, мындан аркы консультацияларды чет мамлекеттен алууга аргасыз.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Нефорлогия тармагындагы жогорку адистердин жоктугуна байланышкан маселени бөлүм башчысын дайындоо менен чечүүгө болбойт деп эсептейт Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Орозалы Көчөров.

17-майда болгон кырсыктын кесепетинен нефрология бөлүмүнүн башчысы Казыбек Жолдошев каза болгон. Бөйрөгүн алмаштырган бейтаптар үчүн ансыз да оор абал мурдагыдан да курчуду, себеби маркум республикада жалгыз расмий адис болчу.

Нефрология бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруу каза болгон Жолдошовдун орун басары Бурма Сарымсаковага убактылуу жүктөлгөнүн Көчөров билдирди.

"Дарыгерди дайындоону расмий иш-чара деп бааласа болот, бирок аны менен адистердин жетишсиздик маселесин чече албайсың. Саламаттык сактоо министрлигинин деңгээлинде чечим издейбиз. Жана биздин дарыгерлерди чет өлкөгө окууга жибериш керек деп ойлойм", — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы нефрологу, илимдин доктору, профессор Рысбек Калиевдин айтымында, өлкөдө азыр Жолдошовдун деңгээлиндеги адистер жок. Бир-эки жылда андай дарыгерлерди даярдоого болот, бирок жагдай токтоосуз чечим кабыл алууну талап кылат.

"Нефрология боюнча кандидаттык диссертацияларын даярдап жаткан беш-алты дарыгер бар. Башка жаш адистер кесипкөйлүгүн арттыруу боюнча түрдүү курстардан өтүп жатат, бирок Жолдошовдун ордун ээлей ала турганын мен азырынча көрбөй элемин", — дейт Калиев.

Ал каза болгондун жакындарына көңүл айтып, улуттук медицина орду толгус жоготууга учураганын белгиледи.

Нефрология бөлүмүнүн дарылануучусу, Түркиядан бөйрөгүн алмаштырып келген Букан Асыкбекова Жолдошов чыныгы иш билги жана жогорку деңгээлдеги адис болгондугун белгиледи.

"Биз эми эмне кыларыбызды билбейм. Эжем келгенден кийин мындан аркы абалыбызды дагы сүйлөшөбүз. Биздин дарылоочу дарыгерибиз жакшы, бирок бир нерсе болуп кетсе, ким жардам берет? Түркияга кайра барганга каржылык мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондуктан анын деңгээлиндей адис пайда болот деген үмүттөбүз", — дейт Асыкбекова.

38 жашар Орозобек Ибраев эми анын бөйрөгүн алмаштырган Тажикстанга кайра баруу маселеси пайда болгонун айтат.

"Менин дарыгерим Назгүл Баказова жакшы адис, мага көп көңүл бурат. Бирок ооруканадан чыккан соң кеңеш алууга Түркиядагы дарыгерлер менен байланышам го. Бизде эл аралык деңгээлдеги дарыгерердин жоктугу өкүндүрөт, бирок баары жакшы болуп кетер", — деди бейтап.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бөйрөгү дартка чалдыккан 135 бейтап расмий каттоодо турат. Бөйрөктү алмаштыруу боюнча операциялардын көбү чет мамлекеттерде жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0