Ниязалиева: окуучулардын арасындагы өзүн өзү өлтүрүүлөр кооптондуруп жатат

© flickr.com / Jared KeenerЖаштар суицидге каршы. Архив
Жаштар суицидге каршы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер окуучулар арасында суицидди жана мектеп рэкетчилигин азайтуу үчүн стресске кабылткан жагдайларга туруштук берүүгө мектептер балдардын психологиялык жактанда даярдоого көп көңүл бурушу керектигин айтты.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бала өзүнүн көйгөйлөрү менен жалгыз калбашы керек деди.

Архив: балдарга жасалган зомбулук - Sputnik Кыргызстан
Депутат: былтыр 94 окуучу өз жанын өзү кыйган
Өкмөттүн маалымат кызматынан Дамира Ниязалиева Ош шаарынын №52-мектебинде өткөн "Балдарга жасалган камкордук алардын бактылуу балалыгынын кепилдиги" деп аталган республикалык конференцияга катышканын билдирди.

Өкмөттүн өкүлү конференциянын жүрүшүндө балдарга жасаган зордук-зомбулуктарга көп басым жасады. Анын айтымында, мындай көрүнүш көп болуп жаткандыктан, ар бир мамлекеттик орган өз милдетин так билип жана аны так аткаруу үчүн секторлор аралык кызматташууну күчөтүү зарылдыгы турат.

"Бул жашы жете электер менен иш алып барган инспециянын кызматкерлерине, социалдык кызматкерлерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү. Мындан сырткары, өлкөнүн бардык аймактарынан 38 мектептин ктаышуусунда иштеген "Зордук-зомбулуксуз мектептер" сынамык долбоорунун жыйынтыктарын колдонуш керек",— деди ал.

Ниязалиева, мындан сырткары, окуучулар арасында суицидди жана мектеп рэкетчилигин азайтуу үчүн стресске кабылткан жагдайларга туруштук берүүгө мектептер балдарды психологиялык жактанда даярдоого көп көңүл бурушу зкеректигин айтты.

"Балдардын өз өмүрүнө кол салган фактылардын саны кооптондурат. 2015-жылдын төрт айында эле жашы жете электер арасында суицид боюнча 42 факты катталган. Бул статистика катары саналган супсак сандардын артында кайгыги баткан ар бир үй-бүлөнүн трагедиясы турат", — деди Ниязалиева.

Вице-премьер балдарга көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын айтып, бала маселелери менен бетме-бет калганда, аны жалгыз чече албагандыктан, жогорудагыдай жагдайлар жаралып жатканын кошумчалады. 

Ал мугалимдер үчүн мындай иш-чараларды өлкөнүн бардык аймактарында коомчулукту катыштыруу менен өткөрүү пландалып жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0