Президент таштандыны ой келди таштагандарга айып салууну жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаада таштанды. Архив
Борбор калаада таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таштандыны ой келди таштагандарга жана аны өрттөгөндөргө эки миң сом өлчөмүндө айып салуу каралууда. Ал эми таштандыны белгиленген жерге таштабаган жана өрттөгөн кызмат адамдарына 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салуу же сегиз саат коомдук иштерге тартуу каралган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев таштандыны белгиленген жерге таштабагандарга жана аларды өрттөгөндөргө айып салуу киргизүүнү жактырды. Административдик кодекске тийиштүү түзөтүүлөр киргизилгенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутат: жука желим баштыктарды колдонууга тыюу салуу керек
Таштандыны ой келди таштагандарга жана аны өрттөгөндөргө эки миң сом өлчөмүндө айып салуу каралууда. Ал эми таштандыны белгиленген жерге таштабаган жана өрттөгөн кызмат адамдарына 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салуу же сегиз саат коомдук иштерге тартуу каралган. 

Эгер ушундай мыйзам бузууларды кайталаган болсо, айып пул 20 миң сомго чейин салынат.

Мындай административдик укук бузуулар үчүн протоколдорду түзүү укук коргоо жана айлана-чөйрөнү коргоо органдарынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0