"Курманжан Датка" Ак илбирс сыйлыгында 10 номинацияны жеңип алды

© Чолпон ИдрисоваКурманжан датка фильминин режиссеру жана сценаристи Садык Шер-Нияз
Курманжан датка фильминин режиссеру жана сценаристи Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киносыйлыкты тапшыруу аземи Бишкектеги "Манас" кинотеатрында болду.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Курманжан Датка" тарыхый эпопеясы Ак илбирс улуттук сыйлыгынын IV ирет өткөрүлүшүндө он номинацияны жеңип алды деп билдирди дүйшөмбү күнү аталган долбоордун менеджери Чолпон Идрисова.

Киносыйлыкты тапшыруу аземи Бишкектеги "Манас" кинотеатрында болду.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" тасмасы дүйнөлүк киноиндустриянын архивине кириши мүмкүн
"Курманжан датка" кинотасмасы Ак илбирс —2015те "Көрөмандардын арзуусуна татыган тасма", "Мыкты монтаж", "Мыкты үн режиссер", "Мыкты сценарий", "Мыкты художник", "Мыкты оператор", "Аялдын мыкты ролу", "Мыкты режиссер", "Мыкты фильм" жана "Мыкты композитор" наамдарын алып кети. 

Ал эми "Мыкты документалдык фильм" номинациясына режиссер Аманбек Ажыматтын "Дене тарбия мугалими (Физрук), алтын жана дарыя" деп аталган эмгеги арзыды. "Мыкты кыска метраждуу тасма" Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" тасмасына берилди. Ал эми "Борбор Азиянын" мыкты киносу катары казакстандык режиссер Адилхан Ержановдун "Кожоюн" тасмасы табылды. 

Буга чейин эки ардактуу сыйлык аныкталып, өзбекстандык режиссер Али Хамраевге дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн жана кыргыз анимация тармагына негиз салгандыгы үчүн режиссер, художник Сагын Ишеновго берилди.


Жаңылыктар түрмөгү
0