Карамушкина: КРде экстремизмге аралашкан аялдар көбөйүп баратышы тынчсыздандырат

© AFP / BARAA AL-HALABIДжихадист аял. Архив
Джихадист аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте өтүп жаткан гендердик теңчилик боюнча эл аралык конференцияда ЖК депутаты Кыргызстанда кыз-келиндер арасында экстремисттик кылмышка аралашкандар улам өсүп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда экстремисттик кылмыш кылган аялдар көбөйүп баратканы өзгөчө тынчсыздандырат. Бул туурасында ЖК депутаты Ирина Карамушкина 16-майда "Пекин+20” платформасынын шартында гендердик теңчиликке жетишүүдө парламенттин ролу" аттуу эки күндүк эл аралык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Депутат Кыргызстанда радикалдуу уюмдардын идеяларын жайылткан аялдар тобу аныкталып жатканын маалымдады. 

"Тилекке каршы, мындай иштерге аялдар менен кыздарды азгырган ошол эле аялдар болуп, радикалдашкан аялдар көбөйүүдө. Маселен, "Хизб-ут Тахрир", "Таблиги жамаат" уюмдарынын аялдар ячейкаларынын 80 пайызыан ошол эле уюмдарга мүчө болгондордун жана алардын тарапташтарынын аялдары түзөт", — деди Карамушкина. 

Ал 10 жыл мурун Кыргызстанда экстремисттик кылмыштардын жалпы санынын 1 пайызын аялдар кылса, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 23 пайызга чыккандыгын билдирди.

Эл өкүлү көпчүлүк учурларда экстремисттик күчтөргө өзгөчө ымыркайлары бар аялдар тартылып жатканын, анткени алар кылган күнөөсү үчүн жоопкерчиликке тартылбай калаарын белгиледи. 

"Биздин кыздарыбыздын мындай фактыларга катышып жаткандыгы жеке эле укук коргоо органдарын эмес, жалпы коомчулукту абдан тынсыздандырууда. Расмий маалыматтар боюнча согуш аракеттерине 330 кыргызстандык катышууда: анын ичинен 30у аялдар, каза болгон 31 адамдын 9 аял", — деди Карамушкина. 

Ал экстремизм менен терроризмдин башкы себеби катары диний чөйрөдө маалыматтын жетишсиздигин же маалыматтардын бурмаланып берилишин атап, аны эл аралык радикал уюмдар, топтор өтө кылдаттык менен пайдаланып жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0