Бүгүнкү Үй-бүлө күнүндө жаңы 15 түгөй катталат

© Sputnik / Табылды КадырбековБакыт үйүндө каттоо иши. Архив
Бакыт үйүндө каттоо иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын 15-май дүйнө жүзүндө Эл аралык үй-бүлө күнү катары белгиленип келет. Жыл жаңыргандан бери Бишкектеги Бакыт үйүндө бир миң 50 жубай расмий түрдө каттоого турган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Эл аралык үй-бүлө күнү – 15-майда Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө 15 жубай расмий түрдө каттоого алына турганын аталган жайдын бөлүм башчысы Гүлжан Атанаева билдирди.

Жыл сайын 15-май дүйнө жүзүндө Эл аралык үй-бүлө күнү катары белгиленип келет. Расмий түрдө бул күндү белгилөө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1993-жылдын сентябрындагы Эл аралык үй-бүлө жылы резолюциясында кабыл алынган. Бул күн алгач ирет 1994-жылы белгиленген. 

Атанаеванын айтымында, жыл башынан бери 1050 түгөй өз мамилелерин расмий түрдө каттатышкан.

"Эл аралык үй-бүлө күнүндө 15 бактылуу түгөй өз мамилелерин үй-бүлө катары каттатышат", — деди ал. 

Атанаева, ошондой эле, жубайлар жай жана күз айларында көп никеге турарын кошумчалады.

Жыл сайын бул күнү БУУнын Башкы ассамблеясынын Эл аралык үй-бүлө күнүнө карата кайрылуусу жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0