Аткезчилик менен Өзбекстандан алынып келе жаткан кургак калемпир кармалды

© Sputnik / Юрий Кавер / Медиабанкка өтүүКызыл калемпир. Архив
Кызыл калемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6,4 тонна кургатылган калемпир жүктөлгөн автомашина Өзбекстандын аймагынан чыккан. Кармалган жүктүн болжолдуу баасы бир миллион сомдон ашат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Өзбекстандан аткезчилик менен алынып келе жаткан кургак калемпир кармалганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Новогодняя ярмарка в Бишкеке / - Sputnik Кыргызстан
Чек арачылар мыйзамсыз ташылып бараткан алты тонна мандаринди кармашты
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 6,4 тонна кургатылган калемпир жүктөлгөн автомашина Өзбекстандын аймагынан чыккан. Кармалган жүктүн болжолдуу баасы бир миллион сомдон ашат.

Аталган факты боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош жана Баткен облусундагы башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси (Аткезчилик) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0