Атамбаев Жеңиш мураскерлери парадынын катышуучуларына ыраазычылык билдирди

Жазылуу
Мамлекет башчысы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жаштардын өткөргөн парады үчүн ыраазычылыгын билдирди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Жеңиш жаш мураскерлеринин парадынын катышуучуларына ыраазычылык каттар тапшырылды.

Атамбаев согуштун жана эмгектин ардагерлерине, бардык көрүүчүлөргө жана жалпы Кыргызстан элине тартуулаган чоң майрам үчүн ыраазычылык билдирерин айткан. 

"Силер Жеңиш күнү кыргызстандыктар үчүн ар дайым ыйык майрам болорун ачык көрсөттүңөр. Силер экономикада, маданиятта жана илимде жакшы иштериңер, жаңы жетишкендиктериңер, ачылыштарыңар менен Кыргызстандын даңкын чыгарасыңар деп ишенем!",— деп айтылат мамлекет башчысынын ыраазычылык катында.

2015-жылдын 4-майында Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында мектеп окуучуларынын масштабдуу театрлаштырылган "Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады" өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0