Премьер Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин курулушун ыкчамдатууну тапшырды

Жазылуу
Темир Сариев Кыргызстанда жыл сайын электр энергиясын колдонуу өсүп жатканын белгилеп, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн коңшу мамлекеттерден импорттоого туура келип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин курулушу боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолукту. Ал 2016-жылы ГЭСтин агрегаттарынын бири ишке киргизиле тургандыктан жумуштарды тездетүү керектигин айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"РусГидро" ААКтын башкармалыгынын төрагасын Атамбаев кабыл алды
Темир Сариев Кыргызстанда жыл сайын электр энергиясын колдонуу өсүп жатканын белгилеп, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн коңшу мамлекеттерден импорттоого туура келип жатканын белгиледи.

Премьер ошондой, өлкөнүн энергетикалык көйгөйүн тез арада чечүү керектигин айтып, бул багытта КР —Россиянын өкмөттөрүнүн ортосунда Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСти куруп, ишке берүү боюнча келишим түзүлгөнүн айтты.

Жогорку Нарын каскадына гидроэлектрстанцияларды куруу Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган макулдашууга ылайык салынууда. Бул боюнча жогорку деңгээлде да бир нече ирет талкууланган. ГЭСтин курулушуна орус тарап 24 миллиард рубль которот. Анын курулушу 2019-жылы аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0