Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча катталууга эки күн берилди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө катышуучуларды каттоо эки күн — 18-майда жана 21-майда жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 13-май. — Sputnik. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө катышууну каалагандар 18- жана 21-май күндөрү кошумча каттодон өтө алат. Кечигип же ар кандай себептер менен келбей, жетишпей калгандар бул күндөрү катышса болот деп билдирди Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батракеева. 

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн кошумча каттоодон өтүү республиканын бардык аймактарында жүргүзүлөт. 

"Негизги каттоо мөөнөтүндө келбей калгандардын 18-майда жана 21-майда келип каттоодон өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул күндөрдү тест борборлорун даярдоо жана кошумча каттоо күндөрү катары бекиттик. Ар бир тест борборунда, ар бир региондо мектептер дайындалып, саат 13:00дөн ден 17:00гө чейин аталган эки күндө жүргүзүлөт", — деди Батракеева. 

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуучуларды каттоонун негизги мөөнөтү 2015-жылдын 24-февралынан 7-апрелге чейин жүргүзүлүп, ага 48 миң 550 адам катышкан. 

"Бүтүрүүчүлөр тестирлөөнүн алкагында эки тест тапшырат, алар — негизги жана предметтик деп бөлүнөт. Негизги тестти тапшыруу 3, 5 сааттын тегерегинде болуп, анын жок дегенде 110 упай болушу керек. Ал эми предметтик тест 2 саат 20 мүнөткө созулуп, эң аз дегенде 60 упай болушу шарт", — деди Батракеева.

Былтыр тестирлөөгө 52 миң 200 адам катышкан. Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан тарта жүргүзүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0