Кыргызстандык альпинисттер "Мугалим" чокусуна мемориалдык такта орнотту

© Фото / Горспорткомитет БишкекаЧокуга коюлган мемориалдык такта
Чокуга коюлган мемориалдык такта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альпиниада альпинизмди, музга жана жарга чыгууну, экстремалдык спортту жактырган туристтердин квалификациясын жогорулатуу максатында өттү.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстандык альпинисттер Ала-Арча капчыгайындагы "Мугалим" чокусуна мемориалдык такта орнотконун Бишкек шаардык спорт комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Оштун Көгарт айылында согуш ардагерлеринин урматына мемориалдык жай ачылды
Майдагы альпиниаданын алкагында 4527 метр бийиктиктеги "Мугалим" чокусуна "Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл" деген жазуусу бар мемориалдык такта орнотулду.

Андан тышкары, деңиз деңгээлинен 4200 метр бийиктиктеги "Комсомолец" чокусуна чыгышкан.

Альпиниада альпинизмди, музга жана жарга чыгууну, альпинисттердин, экстремалдык спортту жактырган туристтердин квалификациясын жогорулатуу максатында өттү.

Мемориалдык тактаны Бишкек мэриясы менен Бишкек шаардык кеңештин дене тарбия жана спорт боюнча комитети уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0