Кыргызстанда 1-июндан тарта электр энергиясына жаңы тариф кирет

© Sputnik / Марина Лысцева / Медиабанкка өтүүЛампа. Архив
Лампа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
700 кВт-сааттан аз колдонгондор ар бир киловатт саат үчүн 74 тыйындан төлөйт. Ал эми лимиттен ашкандар 2,2 сомдон төлөшөт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандагы жеке тараптар менен юридикалык жактар үчүн 2015-жылы 1-июндан тарта электр энергиясына жаңы тариф кире турганын Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин директору Нурбек Элебаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мекеме бардык зарыл болгон эсептөөлөрдү жасады. Ага ылайык техникалык жактан негизделген тарифтин баасы аныкталган. 

Белгилей кетсек, социалдык мүнөздөгү тарифтин киловатт саатынын баасы 70 тыйын.

"Бул тариф жыйырма пайызга жогорулап, 74 тыйынды түзөт. 700 кВт-сааттан ашык колдонгон жеке колдонуучулар бир кВт-сааттан энергия үчүн 2,2 сомдон төлөйт. Декабрь айында анын баасы 2,05 сом болчу", — деди ал.

Элебаев билдиргендей, өнөр-жайлары үчүн электр энергиянын баасы 2,3 сомду түзөт. Учурда анын баасы 2,19 сом. Эгер өкмөт жактырса, электр энергиясынын жаңы тарифи 1-июндан тарта күчүнө кирет. Талкуулоо май айынын аягына чейин улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0