Кыргызстанда Радио күнүн кантип белгилеп жатышат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРадиостанция. Архив
Радиостанция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык радио кызматкерлери Радио күнүн иш орундарында, ободо белгилешет жана алар үчүн башкы белек угуучунун жакшы маанайы болот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кесиптик майрам күнү радиодо жаңылыктарды белгилүү саясатчылар алып бара турганын КТРКнын башкы директорунун радио боюнча орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи радионун түшкө чейинки эфирин саясатчылар, коомдук ишмерлер алып барышат
120 жыл мурун 1895-жылдын 7-майында орус физиги Александр Попов дүйнөдөгү алгачкы радио байланышын көрсөткөн. Советтер Союзунда радио күнү биринчи жолу 1925-жылы салтанаттуу белгиленип, ал эми 1945-жылдан тартып СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин чечими менен майрам жыл сайын белгиленип келет.

Кыргызстандын радио кызматкерлери өз кесиптик майрамын кандай белгилей турганы жөнүндө Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп беришти.

КТРКнын башкы директорунун радио боюнча орун басары Кайрат Иманалиев республиканын эң улуу маалыматтык радиоканалында радионун 120 жылдыгын белгилөө боюнча бир нече иш-чаралар өтө турганын айтты. 

"Кыргыз радиосу өз ишин 1931-жылдын декабрында баштаган. Бүгүн кесиптик майрам күнү жаңылыктардын чыгарылышын белгилүү саясатчылар алып бармакчы", — дейт Иманалиев.

Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев, коалиция лидери Феликс Кулов, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаев жана башкалар республикалык жаңылыктарды айтып беришет. Согуштун жана радио ардагерлерине сый тапшыруу менен коштолуучу салтанаттуу жыйын өтөт деп белгиледи Иманалиев. 

"Авторадио" компаниясынын техникалык жана программалык камсыздоо боюнча директору Олег Заярнюк алардын радиосу Кыргызстандагы алгачкы жеке менчик радиолордун бири экенин белгиледи.

"2000-жылы биз автосүйүүчүлөр үчүн биринчи жолу обого чыкканбыз жана азыркыга чейин ушуну менен электенебиз. Кесиптик майрамды адатта өз жамаатыбыз менен жана, албетте, ободо белгилейбиз" — деди Заярнюк.

"Европа плюс Кыргызстан" радиосунун программалык директору Алина Баженова 1996-жылдын декабрында ачылгандан тартып майрамды ободо белгилеше турганын айтты.

"Холдингдин бардык үч радиоканалында кадимки эле иш күнү жүрөт, бирок түшкө жакын биз шампан ачып, бардык кызматкерлерибизди куттуктайбыз", — дейт Баженова. 

"Ретро ФМ" алып баруучусу Борис Глобус майрамбарга кадыресе жана эч шаан-шөөкөтсүз мамиле кыларын билдирди.

"Адаттагыдай эле эртең мененки берүүнү алып барам. Биз үчүн башкысы — угуучу, жана анын жакшы маанайы бизге жакшы белек болот", — деди Глобус.

Кыргызстандын Байланыш боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө радио берүү кызматтарын көрсөтүүчү 41 компания катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0