РФ элчиси ардагерлерге медаль тапшырып, Путиндин атынан куттуктады

© Фото / пресс-служба посольства России в КРРФ элчиси ардагерлерге медаль тапшырды. Архив
РФ элчиси ардагерлерге медаль тапшырды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Андрей Крутько ардагерлерге ыраазычылык билдирип, алардын эрдигинин аркасында балдары, неберелери тынчтыкта жашап жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько россиялык ардагерлерге " 1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуштун Жеңишине 70 жыл" аттуу юбилейлик медаль тапшырып, Россиянын президенти Владимир Путиндин куттуктоосун бергенин элчиликтен билдиришти.

Шейшемби күнү Бишкектеги ресторандардын биринде Россиянын элчисинин атынан кыргызстандык ардегерлерге сый тамак берилди. Андрей Крутько ардагерлерге ыраазычылык билдирип, алардын эрдигинин аркасында алардын балдары, неберелери тынчтыкта жашап жатканын баса белгиледи.

"Жаштар чоң аталарынын эрдиги тууралуу билип, аларды унутпашы керек. Бурмаланбаган тарыхый маалыматтарды билүү Мекенди сүйүүгө жана мекенчилдикке тарбиялайт", — деди элчи.

Ал ошондой эле, ардагерлерди Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бактылуу карылык каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0