Жеңиш майрамын белгилөө үчүн Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү жабылат

Жазылуу
4-майдан 9-майга чейин күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында, эски аянтта жана "Жеңиш" аянтындагы жол кыймылы жабылат.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. 4-майдан 9-майга чейин күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнө чектөө киргизиле турганын шаардык жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымат катчы Атыр Бекмурзаеванын айтымында, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдыктарды көрүү үчүн борбор калаадагы бир катар жолдорго маал-маалы менен чектөө киргизилет.

"4-майдан 9-майга чейин күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында, эски аянтта жана "Жеңиш" аянтындагы жол кыймылы жабылат", — дейт ал.

Бекмурзаева белгилегендей, Киев, Чүй проспектиси, Фрунзе, Тоголок Молдо, Тыныстанов, Абдрахманов көчөлөрү, ошондой эле Жеңиш аянтындагы Чүй преспектисинин Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы аймагы белгиленген мөөнөттөрдө убактылуу жабылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0