Бишкектеги Тынчтык проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүБишкектеги Тынчтык проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет
Бишкектеги Тынчтык проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, бир топ коомдук ишмерлер улуу жазуучунун атын Тынчтык проспектисине берүү демилгесин көтөрүп келе жатышат.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги жыйынында Тынчтык проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү демилгесин көтөрүп чыгышты.

Буга чейин да аталган демилге шаардык кеңештин, ЖКнын депутаттары жана бир катар коомдук ишмерлер тарабынан көтөрүлгөн. 

КСДП фракциясынын депутаты Валентина Лисниченко 2013-жылы Бишкек шаарды кеңеши көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө беш жылга мараторий коюу боюнча токтом чыгаргандыгын эске салды.

"Бирок, атын өзгөртүү боюнча абдан көп кайрылуулар келип түшкөндүктөн, биз токтомго өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз", — деп айтты депутат.

Жыйынтыгында, депутаттар көчөгө улуу жазуучунун атын ыйгаруу боюнча демилгени бир добуштан колдошту.

Жаңылыктар түрмөгү
0