Кыргыз, орус парламентарийлери Ош шаарында Түбөлүк отко таазим кылып, гүлчамбар коюшту

© Фото / Мэрия города ОшОш шаарында Түбөлүк отко таазим кылып, гүлчамбар коюлду
Ош шаарында Түбөлүк отко таазим кылып, гүлчамбар коюлду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Кыргызстан парламентарийлери Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.

БИШКЕК, 28-апр. – Sputnik. Россиянын Федералдык жыйынынын жана Жогорку Кеңештин депутаттары Ош шаарында Өчпөс отко гүл чамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти. 

Эскерүү иш-чарасына ЖК менен РФдин Федералдык Жыйынынын парламент аралык комиссиянын тең төрагалары — Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев менен РФ Мамлекеттик Думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Заварзин жана эки өлкөнүн бир катар депутаттары катышты.

Депутат Каныбек Иманалиев Жеӊиштин мааниси жыл өткөн сайын артып бараткандыгын, быйыл ЖКнын демилгеси менен КМШ ПААга мүчө-мамлекеттердин борбор шаарларынын ар биринде "Эскерүү эстафетасы", "Жашыл толкун" жараяндары сындуу иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн айтты. 

"Ордо калаалардагы Өчпөс от мемориалдарынан алынган тамызгылардын бир бүтүн отко бириктирилиши биздин жалпы тарыхыбыздын, бирдиктүүлүгүбүздүн, ата-бабалардын эрдигине таазим кылуунун символу болуп калды. Жеӊиш күнү ар дайым ыйык майрам катары кала берет", — деди ЖК депутаты. 

Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 26 ардагери жашап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0