КР БШКсынын башчысы: Казакстандагы шайлоо мыйзамдын негизинде өттү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүВнеочередные президентские выборы в Республике Казахстан
Внеочередные президентские выборы в Республике Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү Казакстанда өткөн президенттик шайлоого үч талапкер: Казакстандын учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Кесиптик кошуундар федерациясынын президенти Абелгази Кусаинов жана Коммунисттер элдик партиясынын борбордук комитетинин катчысы Тургун Сыздыков.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Казакстанда өткөн шайлоого калк активдүү катышканын жана президенттин шайлоо мыйзам чегинде өткөнүн билдиргенин КРдин БШКсынын маалымат кызматы билдирди.

Жекшемби күнү өлкөдө шайлоо болду. Президенттик шайлоого үч талапкер катышты. Алар: Казакстандын учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Кесиптик кошуундар федерациясынын президенти Абелгази Кусаинов жана Коммунисттер элдик партиясынын борбордук комитетинин катчысы Тургун Сыздыков. "Стратегия" социалдык жана саясий изилдөөлөр борборунун экзит поллуна ылайык, Казакстандын учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев шайлоочулардын 97,36 пайыз добушун алган.

Абдраимов жана Кыргызстандын аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлөрү эл аралык байкоочу катары шайлоонун жүрүшүнө көз салышкан. КРдин БШКсынын төрагасын Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси жеке өзү чакырган.

Абдраимовдун айтымында, Казакстандагы президенттик шайлоо өлкөнүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарынын чегинде өткөн.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан бери башкарып келет. Бул анын төртүнчү жолу шайланышы. 2011-жылкы шайлоодо Назарбаев шайлоочулардын 95 пайыз добушун алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0