Ушул окуу жылдын аягына чейин жогорку окуу жайлардын саны кыскартылат

Жазылуу
Атамбаев өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билим берүү тармагындагы реформалардын маанисине белгилеп, кайра түзүүлөр коррупцияны жоюп, Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталышы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Министрдин милдеттерин аткаруучу Эльвира Сариева жогорку билим берүү системасындагы реформалар тууралуу өлкө башчысына маалымат берип, коррупцияга каршы күрөшүүдө маанилүү кадам болгон "бир жогорку окуу жай — бир юридикалык жак" принциби боюнча ушул окуу жылдын аягына чейин жогорку окуу жайлардын санын кыскартууга тапшырма берилгенин билдиргенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев дүйшөмбү күнү билим берүү жана илим министринин милдеттерин аткаруучу Эльвира Сариеваны кабыл алды. Сариева мектептердин базистик окуу планын иштеп чыгуу, мугалимдерди колдоо жана предмет стандарттарын жаңылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берди.

Атамбаев өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билим берүү тармагында реформалардын жүрүшүнүн маанисине өзгөчө токтолуп, кайра түзүүлөр коррупцияны жоюуга жана Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталышы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0