Жеңиш парады 7-майда болоруна карабастан, иш күн болуп кала берет

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖеңиш майрам. Архив
Жеңиш майрам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин 9-майда Москвага кете тургандыгына байланыштуу Жеңиш Күнгө арналган парад тогузунан 7-майга которулгандыгын Башкы штабдан билдиришти.

БИШКЕК, 25-апр — Sputnik. Жеңиш парады 7-майга жылдырылгандыгына карабастан, бул күн иш күнү болуп кала берет деп кабарлады Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат кызматынан. 

Жеңиш парады Казакстанда 7-майда өтөт
Буга чейин КР Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин 9-майда Москвада кетээрине байланыштуу Жеңиш Күнгө арналган парад тогузунан 7-майга которулгандыгын Башкы штабдан маалымдашкан. 

Министрлик Кыргызстандын Эмгек Кодексине ылайык, өлкөдө 1-май — Эмгекчилер күнү; 5-май — Конституция Күнү; 9-май Жеңиш күнү майрам болуп эсептелээрин билдирди. Майрам эс алуу жана иш эмес күндөргө туура келип калса, ал майрамдан кийинки иш күнүнө жылдырылат. Быйыл 9-май ишемби күнгө туура келгендиктен, эс алуу күнү 11-майга жылдырылды. Ал эми 7-май календарь жана Эмгек Кодекси боюнча иш күн болуп кала берерин аталган министрликтин маалымат кызматы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0