Эки күн бою Бишкектин борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жабылат

Жазылуу
Билим берүү фестивалы өтө тургандыгына байланыштуу 24-25-апрелде Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө кыймылга убактылуу чектөө коюлат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Билим фестивалы өтө тургандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү эки күн бою маал-маалы менен жабыла турганын "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондунун өкүлү Мария Колесникова билдирди.

24-25-апрель күндөрү Бишкекте III Билим берүү фестивалы өтөт. Бул фестиваль "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду, Бишкек мэриясы жана Константин Скрябин атындагы айыл чарба университети тарабынан уюштурулууда.

Иш-чара 24-апрелде Айыл чарба университетинде, 25-апрелде Эски аянтта, Эмен багында, "Сейтек" балдар борборунда, Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театрында жана Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт.

Андыктан 24-апрелде Медеров көчөсү Тыныстанов көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин жабылат. Ал эми 25-апрелде Абдымомунов, Орозбеков, Абдымомунов, Раззаков көчөлөрү, Чүй проспектиси, Фрунзе, Тыныстанов көчөлөрү жана Эркиндик бульвары автоунаа кыймылы үчүн чектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0