Москвада Улуу Жеңишке карата өткөн олимпиадада КРдин курсанттары экинчи болушту

© AFP / Victor DrachevКыргыз аскерлери. Архив
Кыргыз аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын намысын Россиянын Коргоо министрлигинин университетинде окуган төрт курсант коргоду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россиянын аскер окуу жайларында окуган кыргызстандык курсанттар Улуу Жеңиштин урматына өткөн эл аралык олимпиадада экинчи орунду ээлегинин КР Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

"Баары эсибизде! Улуу Жеңиш — бардыгыбыз үчүн!" аталышындагы олимпиада Москва шаарындагы аскер институтунда өттү.

Бул олимпиадага 42 команда катышып, алар аскер чеберчилигиү, аскер техникасы жана Улуу Ата мекендик согушта СССР элдеринин жасаган баатырдыгы жөнүндө билими боюнча сыноодон өтүштү.

Олимпиадада Кыргызстандын намысын Россиянын Коргоо министрлигинин университетинде окуган төрт курсант коргоду. Алардын үчөө келечектеги чек арачылар: кичи сержант Абдыбек Байтолоев 3-курстун курсанты жана биринчи курста окуган Алишер Алымбеков менен Арген Урбаев. 

Кыргызстандык курсанттар сегиз номинация боюнча күч сынашты. Олимпиаданын жыйынтыгы менен командалык эсеп боюнча КМШ мамлекеттеринен келген командалардын ичинен экинчи болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0