Атамбаев Казакстандагы жол кырсыгынан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөттү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖол. Архив
Жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин фондунан 1,8 миллион сом бөлүү боюнча буйрукка өлкө башчысы кол койду.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Өлкө башчысы Атамбаев Казакстандын Жамбыл облусунда автокырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү боюнча буйрукка кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

ТИМ: Жол кырсыгынан каза болгондордун айрымдарынын сөөгүн таануу кыйын болууда
19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусунун Мойынкум районундагы Алматы – Екатеринбург автожолунун 487-чакырымында жүргүнчүлөрдү ташыган "Мерседес Бенц" микроавтобусу менен "Газель" кагышып, 15тей кыргызстандык жаран каза болгон. Алардын сөөгү Кыргызстанга алынып келүүдө.

Жол кырсыгынан жабыркагандарга президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бир миллион сегиз жүз миң сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0