Арал – Миң-Куш унаа жолуна түшкөн жер көчкүнүн жылуу процесси токтой элек

Жазылуу
Аталган унаа жолду жергиликтүү адистер менен атайын техника күзөтүүдө.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жумгал районунун Кызыл-Сөөк аймагында жолду жеп кеткен суунун нугун буруу үчүн Транспорт кызматынан 1 жүктөгүч жана 1 самосвал тартылып, суу жеп кеткен жолдун бир жак бөлүгү калыбына келтирилген. Учурда эки тараптуу жол каттамы ачык экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Сөөк чегинде 17-апрелде Арал – Миң-Куш унаа жолунун 33-чакырымында жолду суу жеп, 460 миң кубометр жер көчүп, жолдун жабылуу коркунучу пайда болгон.

Жер көчкү толук токтой электигине байланыштуу, жергиликтүү адистер жана 1 самосвал, 1 жүктөгүч көзөмөлгө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0