Путин Хакасиядагы үйлөрдү сентябрга чейин калыбына келтирүүнү тапшырды

© Sputnik / Денис Мукимов / Медиабанкка өтүүПутин Хакасиядагы үйлөрдү сентябрга чейин калыбына келтирүүнү тапшырды
Путин Хакасиядагы үйлөрдү сентябрга чейин калыбына келтирүүнү тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткандарга 10 миң рублден, үй-бүлө мүчөлөрү каза болгондорго бир миллион рублден жана үй-мүлкүн жоготкондорго 100 миң рублден төлөнөрүн билдирди.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Хакасиядагы бардык үйлөр жана имараттар сентябрга чейин калыбына келтирилиши керек, мен губернаторго тапшырма бердим, деп Россиянын президенти Владимир Путин жарандар жана ЖМК менен болгон түз байланыш учурунда билдирди.

Кыргызстандык жаран Хакасияда жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнү демилгелеп жатат
12-апрелдеги катуу шамалдан улам, Хакасияны өрт каптоо коркунучу келип чыккан. Тилсиз жоо 20дан ашык айылды каптап, 5 миңден ашык киши турак-жайсыз калган. Акыркы маалыматтар боюнча жыйырмадан ашык киши каза болгон.

Путиндин айтымында, жабыр тарткандарга 10 миң рублден, үй-бүлө мүчөлөрү каза болгондорго бир миллион рублдан жана үй-мүлкүн жоготкондорго 100 миң рублдан төлөнөрүн билдирди.

"Хакасиядагы бардык үйлөрдү жана имараттарды калыбына келтирүү үчүн 5-6 миллиард рубль керек. Акчалай жардам жакын арада төлөнүшү керек", — деди Путин.

Президент 2015-жылдын сентябрь айына чейин бардык үйлөрдү жана имараттарды калыбына келтирүү үчүн губернаторго тапшырма бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0