Кардарларды алдагандарга салынган айып пул жогорулады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүБазардагы соода. Архив
Базардагы соода. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамдын максаты юридикалык жактар жана кызмат адамдары тарабынан өлчөп-ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле мамлекет менен жарандардын кызыкчылыктарын туура эмес өлчөп-ченөө натыйжаларынын кесепеттеринен коргоо болуп эсептелет.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кардарларды алдаган юридикалык жактарга айып салуу боюнча мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамдын максаты юридикалык жактар жана кызмат адамдары тарабынан ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын ченөөлөрдүн туура эмес жыйынтыктарынын кесепеттеринен коргоо болуп эсептелет.

Керектөөчүлөрдү алдаган, техникалык регламенттердин талаптарын бузган, ченөө каражаттарын алардын түрлөрүн бекитпестен же метрологиялык аттестациясыз пайдаланууга чыгарган кызмат адамдарына администрациялык айыптын өлчөмүн көбөйтүү жана юридикалык жактарга айыптарды белгилөө каралган.

Буга чейин кардарларды так эмес таразалоо, таңгактагы жазууларда туура эмес жазуу аркылуу алдаган адамдарга 500 сомдон 1500 сомго чейин айып салынса, кызмат адамдары үчүн бул айып 1000 сомдон 3000 сомго чейин каралган.

Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, кардарларды алдаган кызмат адамдарына 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин, юридикалык тараптарга 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин айып салуу каралган. Ал эми жарандар үчүн белгиленген айып пул мурдагы өлчөмүндө калды.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 5-мартында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0