Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жат жазуу жазышты

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жат жазуу жазышты
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жат жазуу жазышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте жана Кыргызстандын аймактарында мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багыттаган жана үндөгөн акция өтүп жатат.

БИШКЕК, 15-апр — Sputnik. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган "Сабаттуу жазалы" акциясынын кезеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жетти. Акцияга 150гө жакын кызматкерлер катышты.

"Бүгүн күндөгүдөн айырмаланып, Сокулук районунан жана Нарындан атайын катышуу үчүн келгендер болду", — деп билдирди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат кызматы.

Жат жазуу уланып, 16-апрелде ЖОЖдордун окутуучуларына, мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү орто мектептин мугалимдерине өтөт.

Жат жазуунун жыйынтыгы жума аягында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу белгилүү болмокчу.

"Сабаттуу жазалы" акциясынын максаты — мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багыттоо жана сабаттуу болууга үндөө.

Жаңылыктар түрмөгү
0