ИИМ: "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердин өтүшүндө мыйзам бузулганы айдан ачык

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКоопсуз шаар. Архив
Коопсуз шаар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендердин биринчи этабында өтпөй калган компания, экинчи этапка өтүп кеткени эле мыйзам бузулганын айгинелеп турат деп айтты Ички иштер министри Мелис Турганбаев.

БИШКЕК, 14-апр. – Sputnik. "Коопсуз шаар" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча өткөн тендерде мыйзам бузулганы ачык көрүнүп турганын, себеби тендердин I баскычында өтпөй калган "Стилсофт Бишкек" компаниясы кантип II баскычка өтүп кеткенин эч ким түшүндүрүп бере албай жатат. Мындай пикирин ички иштер министри Мелис Турганбаев ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди.

Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн тендердин жыйынтыгына макул эместигин билдирип, сотко кайрылган.

Тендердик комиссиянын мүчөсү Азиза Абдрасулова бул долбоор Кыргызстан үчүн пайдалуулугун, аны создуктурбоо керектигин айтып, тендердин чечими жокко чыгарылcа, аны ишке ашыруу 5-6 жылга кечеңдеши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

"Тендердин чечими жокко чыгарыла турган болсо, тендердин буга чейинки чечимдери бүт жокко чыгат. Эгер сот аны жокко чыгара турган болсо, тендерге катышкан 5 компания кайта келбей коет. Андыктан, бул долбоор дагы 5-6 жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар", —деди ал.

Депутаттар: "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өкмөт менен ИИМдин пикири бир болуш керек
Депутат Ширин Айтматова ИИМдин тендер маселесинен бошотуп, анын түздөн-түз милдетин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтып, тендер көйгөйүн парламенттин пленардык жыйынында кароону сунуштады.

Бирок комитет жыйынынын соңунда ИИМдин сунушун эске алып, маселени тыкыр иликтөө керектиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0