Май майрамдарына карата кыргызстандыктар кошумча эс алат

Жазылуу
Тогузунчу май ишембиге туш келгендиктен, Жеңиш майрамы кыргызстандыктарга дагы бир кошумча эс алуу күн тартуулайт.

БИШКЕК, 14-апр — Sputnik. Май майрамдарынын бардыгы Кыргызстанда календарга ылайык болот деп билдирди Sputnik маалымат сайтына Эмгек, миграция жана жаштар министринин маалымат катчысы Айсулуу Исабекова.

Туман. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ 17-18-апрелде үшүк жүрөрүн маалымдады
Анын айтымында, жумага туура келсе да, 1-май эмгекчилер майрамы болгондуктан эс алуу күнү болот. Дагы бир майрам — 5-май КРдин Баш мыйзамынын күнү. Ал эми 9-май ишембиге туура келет.

Эмгек Кодексине ылайык, эгерде эс алуу күнү майрамга туура келсе, ал кийинки иш күнгө которулат, андыктан, 11-майда кыргызстандыктар эс алат деди Исабекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0