Согушта каза болгондордун жесирлерине 11 миң сомдон төлөнөт

© Sputnik / Григорий Василенко / Медиабанкка өтүүСогуш ардагерлери. Архив
Согуш ардагерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге президенттин фондунан жана өкмөт тарабынан жөлөк пул берилет.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин жесирлерине Социалдык өнүктүрүү министрлиги 11 миң сомдон жөлөкпул бере турганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

9-майга карата ардагерлерге бир жолу төлөнчү жөлөк пул үчүн 54 млн сом каралды
Маалыматка ылайык, согуштун ардагерлери менен блокадачылардын жесирлерине 9-май майрамына карата биринчи жолу бир жолу төлөнчү жөлөк пул берилип жатат. Президент тарабынан социалдык коргоо үчүн бериле турган каражаттын көлөмү 10 миң сом. Андан сырткары аларга жеңилдиктин ордуна ай сайын миң сомдон компенсация төлөнүп турат.

Жалпысынан бир жолу төлөнчү жөлөк пулду согуштан майып болуп келген ардагерлердин 1 805 жесири, согуштун катышуучуларынын 2 407 жесири жана блокадачылардын 2 жесири 11 миң сомдон алат.

Андан сырткары, Улуу Ата мекендик согушта каза болгон 32 жоокердин үй-бүлөсү президенттен 10 миң сом жана өкмөттөн 10,2 миң сомдон жөлөк пул алат. Ошондой эле аларга жеңилдиктин ордуна ай сайын миң сомдон төлөнө турган компенсация кошкондо бир жолу төлөнчү жөлө пулдун көлөмү 21,2 миң сом болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0