Мектеп - интернаттардын тамагына бөлүнчү каражат эки эсе көбөйтүлдү

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүМектеп-интернаттардын тамагына бөлүнчү каражат эки эсе көбөйтүлдү
Мектеп-интернаттардын тамагына бөлүнчү каражат эки эсе көбөйтүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп-интернаттарда тамак берүүгө күнүнө 30 сом каралган болсо, ал көбөйгөндөн кийин 60 сомду түзөт.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Мектеп-интернаттардагы балдардын тамактануусуна бөлүнгөн каражат эки эсе көбөйтүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн "Социалдык тармакка тиешелүү мекемелерде тамак берүүгө каралган каражат жөнүндөгү" токтомуна киргизилген өзгөртүүнү бекитти. Бул токтом мектеп-интернаттарды социалдык жактан коргоо максатында кабыл алынган. Бул мекемелердеги тамак берүү ченемдери талапка жооп бербей келген. 

Өкмөттүн маалымат кызматы Sputnik сайтынын кабарчысына билдиргендей, тамактанууга бөлүнчү каражат эки эсе көбөйтүлөт. Эгер буга чейин бир күндүк ченем 30 сом болуп келген болсо, эми ал 60 сомго жетет. Бул үчүн Билим берүү министрлигинин быйылкы бюджетинен 30 миллион сом каралган.

Теги: Жоомарт Оторбаев, өкмөт, мектеп-интернат, тамактануу


Жаңылыктар түрмөгү
0