Тоолуу аймактарда жем-чөп тартыштыгы жаралып, жут болуу коркунучу бар

© Sputnik / Табылды КадырбековСуусамыр. Архив
Суусамыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда республиканын тоолуу облустарында жут каптоо коркунучу турат. Мал кармагандар күндүн жылышын чыдамсыздык менен күтүп, тапкан-ташыгандарын жем-чөпкө жумшап жаткандарын айтышты.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Өлкөнүн тоолуу облустарындагы мал жутка кабылышы мүмкүн, андыктан бул жагдайдын алдын алыш үчүн өкмөт кыймылдап, тезирээк тиешелүү чараларды көрүшү зарыл. Бул туурасында ЖКнын жыйынында бир канча депутаттар өкмөткө жагдайды эскертти. 

Депутат Эсенгул Исаков Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ар кандай кырдаалдар боюнча ыкчам чечимдерди кабыл албай жаткандыгын сынга алды. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунда жем-чөп тартыш болуп, бир түк чөп 400 сомго чыккандыгын, ага алы келе албагандардын малы жутка кабыларын билдирди. 

"Бул өзгөчө кырдаал. Буга чейин дагы жем-чөп жок, элдин малы жут каптап, чыгымга учурагандыктан, алдын ала кам көрүү керек", — деди Исаков.

Тартыш болуп жаткан жем-чөп боюнча дагы бир депутат Нарынбек Молдобаев азыркы тапта Нарын районунун Кеңеш, Алыш, Дөбөлү, Орток айыл өкмөттөрү жайгашкан өрөөндө 1 метр кар жаткандыгын айтып, сатыкка келген чөпкө кезек көбөйүп, кырдаал курчуй баштаганын айтты.

Ат-Башыда мал кармаган жергиликтүү жашоочу Тилек Муратов чөп жыл башынан бери кымбат болгондугун, алар азыр күндүн көзүнүн ачылышын эле күтүп жатышкандыгын айтты.

"Бир түк чөп күздөн бери эле 300 сомдон кем болгон жок. Абал кыйын эле, мен эле эмес, колунда малы бар башкалар да тапкан-ташыганын малдын жем-чөбүнө жумшап жатат. Күндүн көзү качан ачылат деп эле аба ырайын аңдып калдык", — деди Муратов.

2012-жылы республиканын бир катар тоолуу райондорун жут каптап, миңдеген мал кырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0