Экономика министрлиги ишкерлерди алдын ала пландоо аркылуу текшерет

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок экрана официального портал министерства экономики по проверкам деятельности субъектов предпринимательства
Снимок экрана официального портал министерства экономики по проверкам деятельности субъектов предпринимательства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерлер эми аларды качан жана ким келип текшере турганын билип, бир катар суроолорго атайын интернет-булак аркылуу жооп ала алышат.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын экономика министрлиги Эл аралык Каржы корпорациясы менен биргеликте ишкерлер үчүн www.proverka.kg интернет-порталын ачып, аны ишкерлерге тааныштырды. Порталда текшерүүлөр боюнча бардык маалыматтар жайгаштырыла турганын министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрмек Жанузаков билдирди.

Анын айтымында, интернет-портал текшерүү жүргүзүүчү органдардын бардык текшерүүлөрү боюнча маалыматтарды чогултканга мүмкүнчүлүк берет.

"Портал бири-бирин кайталаган текшерүүлөргө жол бербөөнү камсыздайт", — дейт Жанузаков.

Экономика министрлигинин башкы адиси Бакыт Давлеталиев аталган портал ишкерлердин ишин жеңилдете турганын билдирди.

"Ишкерлер аталган сайт аркылуу текшерүү качан, эмне максат менен болору жана кайсы инспектор келе турганы жөнүндө толук маалымат ала алат", — деди адис.

Өткөн жылдын аягында Экономика министрлиги аталган интернет-порталды мамлекеттик органдын өкүлдөрүнө тааныштырган болчу.

Ошондой эле Экономика министрлиги "Ишкерлик субьектерди текшерүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Долбоору өз ишкерлигин жаңы баштагандарды үч жылга чейин салыктан бошотууга жана коррупциялык механизмдерди азайтууга багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0