Кызыл Аянтта өтө турган Жеңиш парадына катышуучу ардагерлердин саны такталууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүВоеннослужащие во время совместной тренировки пеших и механизированных колонн перед Парадом Победы. Архивное фото
Военнослужащие во время совместной тренировки пеших и механизированных колонн перед Парадом Победы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кызыл Аянтта өтүүчү парадга катышууга ниетин билдирген согуш ардагерлери көп болгондуктан, өкмөт алардын санын тактап жатат.

БИШКЕК, 1-апр. – Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москва шаарындагы Кызыл Аянтта өтүүчү парадга катышуу ниетин билдирип, кайрылган ардагерлер көп болгондуктан, алардын саны такталууда. Бул туурасына Sputnik маалымат сайтына Согуш ардагерлеринин, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана тартип коргоо органдарынын республикалык уюмунан билдиришти. 

Кыргыз өкмөтү аталган маселени караштырып көрүп, балким, кошумча каражат бөлүшү мүмкүн. 

"Буга чейин Москва шаарындагы Кызыл Аянтта өтүүчү парадга согуштун үч ардагери катышаарын маалымдашкан, бирок, учурда алардын санын дагы бир нече кишиге көбөйтүү каралууда, — деди Согуш ардагерлеринин, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана тартип коргоо органдарынын республикалык уюмунун жетекчисинин орун басары Качкын Саргазаков. 

Гвоздики на памятнике победы - Sputnik Кыргызстан
Ата мекендик согушта белгисиз жоголгон жоокерлердин көмүлгөн жери табылды
Кыргызстандан барган согуш ардагерлеринин баары эле Кызыл Аянттагы парадга катышпайт, алар Жеңиш майрамына карата уюштурулган иш-чараларга, салтанаттарга чакырылат. 

Москва шаарына Жеңиштин 70 жылдыгына Кыргызстанда иш алып барган "Евразиялык фонд" да үч ардагерди алып бармакчы. Андан сырткары облустардан тандалган жети ардагер Москва шаарындагы Улуу Ата мекендин согуштун музейине барып, андан сырткары жыл сайын салтка айланып калган "Жеңүүчүлөрдүн балына" катышмакчы. 

Качкын Саргазаков "Жеңүүчүлөр балынын" катышуучулары уюштуруучулар тарабынан чакырыларын жана аларга кеткен чыгымдарды да өзүлөрү көтөрөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0