Атамбаев коррупцияга каршы күрөштө көп нерседе жетишкендик болгондугун белгиледи

Жазылуу
Коргоо кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда Атамбаев мамлекеттик органдарда калыптанып калган коррупциялык схемалар бузулушу керектигин айтты.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев КР Коргоо кеңешинин мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрүн кабыл алганын президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев коррупция менен күрөшүүдө көп нерсеге жетишилгенин белгиледи. "Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө биз көп нерсеге жетиштик, бирок андан дагы көп иш жасоого тийишпиз. Бардык деңгээлде коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу зарыл. Мамлекеттик органдарда коррупциялык схемаларды бузуш керек. Коррупцияга каршы күрөштө кол тийгистер жана жумшак мамиле болбоого тийиш", — деди өлкө башчысы.

Жолугушуу маалында президент энергетика секторундагы коррупциянын көрүнүштөргө өзгөчө токтолуп, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси Коргоо кеңешинин жакынкы жыйынында карала турганын маалымдады.

Атамбаев коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшө турган айрым түзүмдөрдүн өздөрү коррупциянын очогуна айланып жатканын эске салды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында жумушчу топту мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жана тобокелдерди жоюу боюнча так иштелген конкреттүү пландарды иштеп чыгуу боюнча жумушту улантууга милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0