Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата даярдыктар башталды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКазан с традиционным лакомством "сумаляк" во время празднования Нооруза. Архивное фото
Казан с традиционным лакомством сумаляк во время празднования Нооруза. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын мэриясы 21-март Нооруз майрамына карата бир катар маданий иш-чараларды өткөрөт.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Майрамга карата шаардын борбордун бөлүгүндө улуттук жана спорттук оюндар көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштар коюлат. Биринчи Май районундагы мектептерде окуучулар арасында дилбаян жана сүрөт тартуу боюнча конкурстар уюштурулат.

Кыргызский национальный танец Кара-Жорго - Sputnik Кыргызстан
Дубай, Москва жана Рим шаарындагы мекендештер "Кара жорго" флешмобун уюштурууда
Көлмө жана Алтын-Бешик жаңы конуштарындын тургундары арасында футбол, волейбол жана баскетбол боюнча турнир уюштурулат. Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо жаңы конуштарынын тургундарынын арасындагы да спорттук иш-чаралар өтүп, майрамдык концерт болот.

Панфилов атындагы сейил бакта аттракциондор иштеп, Биринчи Май районунун балдардын чыгармачыл борборлорунун тарбиялануучулары майрамдык концерт уюштурушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0