Окумуштуулардын ырастоосуна караганда, каннабис эс тутумун абдан начарлатат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКармалган кара курай. Архив
Кармалган кара курай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марихуна чеккендер уккан нерсенин майда-чүйдөсүн 18 пайыздан ашык начар кайталай алыша тургандыгын илимий изилдөөлөр көрсөттү. Муну окумуштуулар гиппокамптагы түзүмдүк өзгөрүүлөр менен байланыштырат.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Американын Түндүк-Батыш университетинин илимпоздору мээнин эс-тутум үчүн жооп бере турган бөлүгү — гиппокамптагы түзүмдүк өзгөрүүлөр жаштардын анашаны үзгүлтүксүз же анда-санда чегүүсүнөн пайда болуп, узак мөөнөттү эс тутумунун бузулушуна алып келе тургандыгын айтышат. Бул тууралуу РИА Новости Hippocampus илимий журналына таянуу менен билдирди.

Американын Түндүк-Батыш университетинин илимпозу Жон Цсернански жана анын кесиптештери Бостондун каннабис чегүүчү отузга жакын тургунунун катышуусундагы үч жылдык изилдөөнүн аягына чыгышты. 

"Марихуана таасир кыла турган мээнин бөлүгүн биз күн сайын өз жашоо-аракеттерибизди камсыз кылып жана коом менен баарлашуу үчүн колдонобуз", — деп жазат Цсернански.

Бишкекте спайс сатуучу Skype аркылуу кайрылган адамды тизмесине эки мүнөттө кошту
Окумуштуулардын айтымында, катышуучулардын баары өспүрүм кезинде анаша чегишип, бирок эксперимент башталардан болжол менен эки жыл мурун жаман адаттан кутулушкан. Изилдөөнүн жүрүшүндө алар бир мүнөттүк текстти угуп, жарым сааттан кийин уккандарын кайра айтып берүү аракетин жасашкан. 

Алынган натыйжаларага ылайык, марихуна чеккендер уккан нерсенин майда-чүйдөсүн 18 пайыздан ашык начар кайталашкан. Муну окумуштуулар магниттик-резонанстык томографтын сүрөтүнө түшүрүлгөн гиппокамптагы түзүмдүк өзгөрүүлөр менен байланыштырат.

Азырынча окумуштуулар изилдөөнүн туура болгондугун толук ишеничтүү айта албайт, бирок эксперименттин натыйжалары баңги заттын мээдеги бузулууларга себеп болгондугун айкын көрсөтөт деп белгилейт изилдөөчү Мэттью Смит.

"Анашаны канчалык узак тартса, анын эс тутумга тийгизген терс таасири ошончолук чоң болот, муну биз топтогон маалыматтар ырастап турат. Демек, кантсе да, марихуана мээнин бузулушуна себепкер", — дейт Смит.

Изилдөөчүлөрдүн айтымына караганда, алардын чыгарган тыянактарын толук ырастоо үчүн ар түрдүү курактагы адамдардын катышуусу менен кошумча эксперимент өткөрүү талап кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0