Мырзабаев: такфиризм менен күч колдонуп күрөшө албайбыз

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-Байрама в регионах России
Празднование Курбан-Байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте Борбор азиялык аалымдардын форумунда анын катышуучулары такфиризмге каршы натыйжалуу ыкмалар менен күрөшүү, диний аалымдардын биригүүсү боюнча пикирге келишип, кезектеги жолугушууну Ош шаарында өткөрмөй болушту.

Бишкекте диний экстремизм жана радикалдашуу темасы талкууга алынат
БИШКЕК, 13-мар — Sputnik. Кыргызстанда өткөн Борбор азиялык аалымдардын форуму алардын кеңеш түзүү боюнча бир пикирге келүүсү менен аяктады. Ал эми келерки жолугушуунун масштабын дагы кеңейтип, Ош шаарында өткөрүү пландалууда. 

Буга чейин Борбор азиялык Мусулмандар диний башкармалыгы болсо, аймактагы өлкөлөр эгемендик алгандан кийин алар чачырап кеткен. 

"Биз азыр биригүүгө алгачкы кадам жасадык, диний башкармалыктардын ар кыл суроолор боюнча ишин координациялап, Борбор азиялык улама-аалымдардын биримдигин камсыздап, тажрыйба, билим алмашуу жаатында аракеттерди баштадык," — деди "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун директору, аталган форумдун уюштуруучулардын бири Кадыр Маликов.

Форумдун дагы бир уюштуруучусу, Ислам таануу боюнча илимий-изилдөө институтунун директору Мамед Мырзабаев форумда диний радикализм менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларына баш коюуу туурасында кеп болгонун билдирди.

"Мындай иш-чара биринчи ирет өтүп, терроризмге каршы күрөшүүдө аалымдардын башын бириктирди. Учурда диний такфиризмге (мусулмандыгынан күмөн саноочу радикалисттик көз караш — М.М.) каршы күрөшүүдө күч колдонгон ыкмалар натыйжалуу болбой жаткандыгын көрүүгө болот. Аны көрүп эле келип жатабыз, ар бир мамлекеттер күч органдары аркылуу күрөшүүгө аракет кылып келе жатат. А бул жерде негизги маселе – экстремисттик жана террористтик уюмдар менен идеологиялык жактан күрөшүүдө турат. Диний ишенимдеги идеологиялык күрөш жүргүзүү үчүн – идеологияны түптөп, көтөрө турган, динди кармангандар ишене турган диний лидерлер менен иштөө керек. Форумда бул багытта бир топ пикирлер айтылды", — деди Мамед Мырзабаев.

Жалпысынан 40ка жакын диний аалымдар катышкан бул сапаркы форумда кийинки иш-чараны да Кыргызстанда, экинчи борбор Ош шаарында өткөрүү сүйлөшүлдү. 

"Форумду мындан ары улантууну чечтик. Экинчи форумду 2-3 айдын ичинде Кыргызстанда, тагыраагы Ошто өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Мунун символикалык да мааниси бар, илгертеден эле Түштүк тарап исламга жакын болуп, ал жактан атактуу диний аалымдар да ушул жактан чыкан. Анын үстүнө, бул жаатта аталган аймакта абал бир аз кооптуу болуп жатат", — деди Мырзабаев.

Мырзабеков диний аалымдар, диний башкармалыктар башка долбоорлордун алкагында да коомдун, аймактын жалпы кызыкчылыктар үчүн бирге иштешүү боюнча сүйлөшкөндүгүн кошумчалады. 

Форумдун аягында диний аалымдар такфиризимди, жихаддык идеологияларды сындаган, дүйнөдөгү ислам интеллектуалдарын жана илимий коомчулукту мамлекеттик, жарандык коом жана диний уюмдар ортосундагы ишенимди бекемдөөгө чакырган Резюлюция кабыл алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0