Коомдук фонд: онкологиялык дарылардын баасын мамлекет жөнгө салбайт

Жазылуу
"Жардам берүү оңой" коомдук фонддун директору Дина Аляева бир эле химиялык препараттын баасы шаардын дарыканаларында ар башка, айрым учурда алардын айырмасы 10 миң сомго жетет дейт.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Онкологиялык оорулуулар үчүн медициналык препараттардын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт деп билдирди пресс-конференцияда "Жардам берүү оңой" коомдук фондунун аткаруучу директору Дина Аляева.

Анын айтымында, бир эле онкологиялык препараттын дарыканаларда баасы кээ бир учурда 10 миң сомго чейин жетет.

"Эгер мамлекет онкологиялык оорулууларды мыйзамда кепилденгенлдей акысыз дарылоону камсыз кыла албаса, жана муну ишке ашыруунун эч жолу жок болсо, биз мамлекетке жок дегенде фармацевтикалык рынокто бааларды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүнү сунуш кылабыз. Себеби оорулуу бала бар ар бир үй-бүлө үчүн бул көтөрө алгыс жүк. Химиялык препараттын бир ампуласы 23 сом турат", — дейт Аляева.

Коомдук фонддун башчысы аспарагиназа деп аталуучу дарынын бир ампуласы бир дарыканада 11 миң сом турса, экинчисинде анын баасы 23 сом экендигин билидрди. А эм иошол эле дары Россияда 4 миң рубль, Алматыда 8 миң сом турат. Эки грамм холоксан Кыргызстанда 8 сом, Алматыда 3 миң.

"Дарыкана ээлери бул дарыларды сатуудан канча деген үстөк пайда табышат? Алар бирөөнүн көз жашынан байып жатса, мамлекет ага көзүн жуумп, фармацевтикалык ишкердикти коргой турган либералдык мыйзамдарды бетине кармап жатат", — дейт Аляева.

Коомдук фонддун өкүлдөрү бул маселени чечүүнүн бир нече жолун сунуштайт:

 

  • онкологиялык оорулууларды мамлекет тарабынан кепилденген дарылоо менен камсыз кылуу жана аны препараттарды мыкты клиникалык протоколдорду кабыл алуу менен катар сатып алууга мажбурлоо;
  • кымбат препараттардын бааларына мамлекеттин жөнгө салуусун жана көзөмөлүн орнотуу;
  • дарыларга жана дарыларды жеке сатуучуларга карата монополияга каршы жөнгө салууларды колдонуу.

 

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Болсунбек Казаков бул маселе иликтелип жана чечим долбоору даярдалып жаткандыгын Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына билдирди. Монополяга каршы орган чынында дарылардын баасын жөнгө салбайт. Аны Милдеттүү медициналык кепилдөө фонду (ММКФ) жөнгө салып турат.

Врач Национального центра онкологии КР Батырканова Чынара Жээнбековна - Sputnik Кыргызстан
Врач-онколог жатын моюнчасынын шишик оорусун алдын алуу жана дарылоо жөнүндө
Монополияга каршы мамлекеттик агенттик жүргүзгөн мониторингдин натыйжасында дарыларын баалары дарыканаларда чын эле ар түрдүү экендиги аныкталды. Ушуга байланыштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында монополияга каршы орган аталган маселе боюнча Салматтык сактоо министрлиги менен ММКФтин катышуусунда ири кеңешме өткөрмөкчү. 

Казаков ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын биргелешкен отурумунда бул маселе талкуулангандыгын кошумчалады. Кийинки отурумду монополист болуп эсептелген фармацевтикалык корпорациялар менен биргеликте өткөрүү чечими кабыл алынган.

"Мындай абал Кыргызстанда гана эмес, бардык КМШ өлкөлөрүндө калыптангнан. Дарыларды чыгарып сатуучу корпорациялар бааны өз каалаганындай белгилешет. Эгер Европада жашоону сактап калуу үчүн маанилүү дары 1 долларга сатылса, КМШ өлкөлөрүндө ошол эле дары 10 эсе кымбат сатылат. Кезектеги отурумда биз корпорацияларга КМШ мамлекеттеринде Европа биримдигиндегидей шарттарда иштөө талабын коймокчубуз. Баш тартыша турган болсо, аларга ири көлөмдөгү айып салынат", — деп чечмеледи агенттиктин жетекчиси.

"Жардам берүү оңой" фондусунун маалыматына ылайык, 2015-жылы Улуттук онкологиялык борбордун балдар онкологиялык бөлүмүнө дары сатып алууга мамлекет 3,5 миллион сом бөлүп берген. Лейкоз менен ооруган балдардын муктаждыктарына эсептеп которгондо, бул акча төрт-алты баланы бир жыл дарылаганга жетет. Ал эми аталган бөлүмдө болсо 50 бала бар жана аларды дарылоо карапайым жарандардын берген акчалаларынан көз каранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0