Климаттын өзгөрүү коркунучун төмөндөтүү үчүн Кыргызстанга донорлор керек

© Sputnik / Михаил РогожинСеминар по проблемам изменения климата
Семинар по проблемам изменения климата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин пикиринде Кыргызстан 2020-жылы буу газдарын чыгарууну 20 пайызга кыскартуу боюнча ыктыярдуу милдеттемелерин аткаруу үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна муктаж.

БИШКЕК, 11-мар — Sputnik. Климаттын өзгөрүүлөрүнөн болчу кесепеттердин алдын алуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна муктаж деп билдирди шейшембиде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүүсүнөн болчу коркунучтарды азайтуу үчүн республика өзүнүн саясий эркин көрсөтүүдө. Жана бүгүн КР БУУнун климатты өзгөртүү боюнча Конвенциясынын алкагында өзүнө алган милдеттемелерди аткарууга бардык күч-аракеттерин жумшап жатат.

"Эл аралык тийиштүү колдоолордун аркасында 2020-жылы буу газдарын чыгарууну 20 пайызга кыскартуу боюнча ыктыярдуу милдеттемелерин аткаруу боюнча алдыбызда чоң иштер турат. Чынында буу газдарын чыгарууну кыскартуу жылуулук-энергетикалык ресурстарды пайдаланууну азайтуу дегенди билдирет. Бул өз кезегинде биздин өлкөгө энергетикалык, экономикалык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылып, климаттын өзгөрүшү боюнча аалмадык маселени чечүүгө өз салымыбызды кошууга мүмкүндүк берет", — деди Сарпашев.

Бул үчүн биринчи кезекте сандык максаттарды коюп жана буу газдарын бөлүп чыгарууну канчалык көлөмдө кыскартууга мүмкүн экендигин жана ал канча турарын эсептөө менен конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу талап кылынат.

"Кыргызстан бүгүнтөн эле пландалган иштердин дээрлик жарымын өз алдынча аткара алат. Мисалы, укуктук чаралар, себеби бул эч чыгымды талап кылбайт, ага биринчи кезекте саясий эрк керек. Ошол эле учурда айрым чараларга чоң каражат керек болот жана аларды аткаруу эл аралык коомчулуктун колдоосун талап кылат", — деп баса белгиледи биринчи вице-премьер.

Кыргызстан климатты өзгөртүү боюнча жаңы долбоорду ишке ашыруучу тогуз өлкөнүн бири болду. Аталган пилоттук мамлекеттердин ар бири өзүлөрүнүн улуттук кызыкчылыктарына, абалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша абага таштандыларды кыскартуу боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгат. Бул өз кезегинде глобалдуу температуранын көтөрүлүшүн кыскартууга мүмкүндүк берет.

Сарпашевдин айтымында, Кыргыз Республикасы Климаттык конвенциянын катчылыгы тарабынан жаңы долбоорго тандалып алынышы климатты өзгөртүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштерге берилген жогору баа болуп эсептелет.

"Өлкөлөр аба таштандыларын кыскартуу боюнча өзүлөрү көрө турган кабамдарды сунушташат. Ошону менен катар климаттын өзгөрүүсүнө кантип ылайыкташа тургандыгы же башка мамлекеттерден кандай жардам талап кылынары сыяктуу башка маселелерди да чече алышат", — дейт чиновник.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чармачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кеңешчиси Шамил Ильясовдун пикири боюнча, негизги максаты – температура 2 градустан ашык көтөрүлбөшүнө жана климаттын эң жаман өзгөрүүсүн алдын алууга жетишүү үчүн азыртан эле конкреттү кадамдарды жасоо зарыл. "Мамлекеттик органдар көп учурда климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелерди чечүүгө каражат алуунун чыныгы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көп учурда билишпейт", — дейт Ильясов.

Ошол эле учурда мамлекеттик агенттиктин башчысынын кеңешчиси 2020-жылы буу газдарын чыгарууну 20 пайызга кыскартуу боюнча Кыргызстан өзүнө алган ыктыярдуу милдеттемелерин аткаруу эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен аткаруусу анык аткарылышы керек болгон милдет деп кошумчалады

Ильясов иш-аракеттер азыркыдай тездик менен жүргүзүлө турган болсо, республика климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу жана буу газдарын абага чыгарууну кыскартуу жагынан жарыялаган максаттарына жете алат деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0