Эшек этинин чуусу "Себат" билим берүү мекемесине да тийди

© Фото / Себат"Себат" мектеби. Архив
Себат мектеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эшек этинин чуусу Кыргызстанда 20 жылдан ашык билим берүү жаатында ийгиликтүү иштеп келе жаткан "Себат" эл аралык билим берүү мекемесине да тийди.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Февраль айынын соңунда Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде эшек союу фактысы катталып, элди дүрбөлөңгө салды. Аталган жерде эшекти союп, этин чет мамлекетке экспорттомокпуз деген "Кай-Тал" АКтын билдирүүсү элди ынандыра албады. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары эшек эттери Бишкек шаарындагы кафелерге жеткирилген деген маалыматты тараткандан баштап эшек союу маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлар тыкыр текшерилүүдө.

Ишкердиктин бул түрүү менен алектенгендерге мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Эшек этинин эпкини билим берүү мекемелерин да бүркүп өттү

Чүй облусунун Сокулук районунда катталган эшек союу фактысынын таасири, "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин Токмок шаарындагы лицейине да тийди. Түркиялык Yeni Akit интернет булагы аталган лицейдеги окуучулардын уулануусун эшек этинен болду деп жазып чыкты. Өз кезегинде аталган билим берүү мекемеси бул маалыматтар чындыкка коошпой турганын билдирди.  "Себат" билим берүү мекемеси 20-февралда окуучулардын сүт азыктарынан уулангандыгын, бул боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбордун корутундусу бар экенин маалымдашкан. Ошондой эле, лицей жетекчилиги мындай маалыматты тараткандарды сотко беришээрин билдиришкен.

Парламенттин жыйынында депутат, Социалдык саясат комитетинин төрагасы Эркин Сакебаев аталган мекемеде санитардык-гигиеналык нормалар канааттандырарлык эмес экенин айтса, депутат Жылдызкан Жолдошова бул мекеменин мектептерин жабууну сунуштаган. Депутат ошондой эле, "Себат" билим берүү мекемесин атайын органдар менен өкмөттүк комиссия текшерип чыгышы керектигин айткан.

"Себаттан" колуңду тарт"

Эл өкүлдөрүнүн мындай пикирлерине нааразы болгон жарандар социалдык түйүндөр аркылуу өздөрүнүн пикирлерин билдиришти. 

Учурда Түштүк Кореяда окуп жаткан Аскат Кубанычбеков "Себат" билим берүү мекемелери Кыргызстандын жаштарына эбегейсиз билим бергенин өзүнүн Facebook социалдык тармагында жазды.

"Скай" туристтик компаниясында иштеп жаткан Нурсултан Төлөбаев аталган билим берүү мекемелерин жабуу боюнча айтылган сунуштарды туура эмес деп эсептей турганын Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди. Ал ошондой эле, парламент өкүлдөрү "Себаттын" лицейлерин жабууну эмес, ал жакта түзүлгөн шарттагыдай башка жергиликтүү мектептерди ачуу маселелерин талкуулашса жакшы болмок деген пикирин кошумчалады. 

"Учурда менин апам 75 жашта, атам жакында эле каза болду. Биздин үй-бүлө өтө бай эмес. Убагында менин билим алуума шарт жок болчу. Бирок, Бишкек шаарындагы түрк лицейи мени колдоп, болушунча жеңилдик берип, билим алуума шарт түзүп берди. Лицейге чейин мен айыл жериндеги жөнөкөй мектепте окучумун", — дейт ал.

Төлөбаев лицейден бир гана билим эмес, тарбия да алганын баса белгилейт. Ошондой эле, лицейден эл аралык олимпиадаларга да катышууга мүмкүндүк алганын кошумчалады. 

"Кыргызстанда ушундай билим берүү мекемелери болгонуна сүйүнүшүбүз керек. Мындай сапаттагы билимди биз жөнөкөй мектептерден ала албайт болчубуз. Мен парламент өкүлдөрүнө сунуштайт элем: лицейлерди жабуу маселесин эмес, ошондой шарты бир жергиликтүү мектептерди ачуу маселесин талкуулашса жакшы болмок", — дейт Төлөбаев.

Жарандардын мындай акциясын Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков да колдой турганын facebookтагы баракчасы аркылуу билдирген.

"Өз укугу, өз келечеги үчүн күрөшүп, аларды коргой алган жаштар биздин мамлекет үчүн зарыл. Азаматсыңар!", — деп жазды эл өкүлү. 

Ата-энелер комитети Жолдошованы балдар алдында кечирим сурашын талап кылышты 

Касымбеков: "Себат" лицейлеринин билим берүү системасы башкаларга үлгү
"Себат" лицейлерин жабууну сунуштап жаткан депутаттар лицейлер тууралуу толук маалыматты билишпейт. Мындай пикирин лицейдин ата-энелер комитетинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди. Комитеттин өкүлү Жаркынбек Касымбеков депутаттар элдин атынан сүйлөп жаткандыктан, айткандарына маани бериши керек деп эсептейт.

Ата-энелер комитетинде жети жылдан бери иштеп келе жаткан Гүлнара Дыйканбаева лицей жөнүндө туура эмес пикирлерди айтан депутаттардын бирөө да лицейге атайын келип, ал жактагы абал менен, шарт менен таанышпаганын айтат.

"Эгер депутаттарда лицей тууралуу кандайдыр бир шек жараткан маалыматтар болсо, алар менен жеринен келип таанышып кетишсе жакшы болмок. Ушул убакка чейин бир да депутат окуу жайга келе элек", — деди ал.

Дыйканбаева ошондой эле лицейлер жабылат экен деген маалымат тарап кеткенден кийин ал жакта окуган балдар тынчсызданып жатканын кошумчалады.

"Окуучулар да аябай кабатырланышты. Лицейди жапса кайда барабыз, мен бул жактан кетпейм деп ыйлагандары да бар. Жылдызкан Жолдошова туура эмес айткандары үчүн балдар алдында кечирим сурасын", — деди ал.

Ата-энелер комитетинин мүчөсү Асылкан Шайназарова, эгер аталган лицейлерде жаман нерсеге үйрөтүп, балдардын саламаттыгына коркунуч келе турган нерселер жасалса ата-энелер акча төлөп балдарын бул жактан окутпайт эле деген пикирин айтты.

"Эл өкүлдөрү айткандай бул жакта жаман нерселер болсо, кайсыл ата-эне акча төлөп балдарын ошондой нерсеге берет. Тескерисинче, бул жакта билим берүү сапаты мыкты болгону үчүн балдарын окутуп жатышат", — деди ал.

"Себат" эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келет. Анын кармагында ресупблика боюнча ондон ашык билим берүү мекемелери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0