Касымбеков: "Себат" лицейлеринин билим берүү системасы башкаларга үлгү

© Sputnik / Расул Усеналиев"Себат" мектебинин окуучуларынын ата-энелери
Себат мектебинин окуучуларынын ата-энелери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Себат" лицейлеринин ата-энелер комитетинин өкүлдөрү билим берүү мекемесин жабыш керек деген депутаттын пикири билбестиктен улам айтылган деп эсептешет.

БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. "Себат" лицейлери тууралуу жетиштүү маалыматы болбогондуктан депутат Жылдызкан Жолдошова аны жабуу тууралуу айтып жатат деп эсептешет "Себат" лицейлеринин ата-энелер комитетинин өкүлү Жаркынбек Касымбеков.

Анын айтымында, депутат мындай билдирүүнү жетиштүү маалыматты жоктугунан айтты. 

"Жогорку трибунадан сүйлөгөн депутат ар бир айтканына кылдат мамиле кылуу керек. Депутат элдин атынан сүйлөп аткандан кийин "ойноп сүйлөсө да, ойлоп сүйлөсө" деген ойду айткым келет", — деди ал.

Касымбеков учурда анын үч баласы "Себат" лицейинин тутумунда окуп жатканын кошумчалады.

"Себат лицейлеринди эки кызым, бир уулум окуп жатат. Мен алардын билим берүүсүнө ыраазымын. Ошондой эле ушундай билим берүү системасы бар экенине сүйүнөм. Балдарыбызга татыктуу билим берүү жалпыбыздын максатыбыз", — дейт ал.

Ата-энелер комитетинин өкүлдөрү лецейдин окуучулары эшектин этинен ууланды деген маалымат чындыкка коошпой турганын билдиришти.

"Лицейдин окуучулары эшектин этинен ууланды дегендин өзү чындыкка дал келбейт. Себеби, окуучулардын тамагын биз дайыма барып текшерип турабыз. Окуучуларга тамак даярдалган азык-түлүктөн мугалимдерге да тамак жасалат. Андыктан эшектин этинен ууланды деген маалыматтын өзү туура эмес", — дейт ата-энелер комитетинин төрайымы Гүлзада Ботобекова.

Учурда "Себат" эл аралык билим берүү мекемелеринин окуу жайларында 12 миңден ашык бала билим алат.

Ата-энелер комитетинин өкүлү Жаркынбек Касымбеков ушул убакка чейин "Себат" билим берүү мекемелерине 115 миллион доллар инвестиция салынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0