Кулматов жаңы конуштардын жашоочуларынын укуктарын мыйзамдаштырууну сунуштады

Жазылуу
Бишкектин мэри кезегинде басылып алынган жаңы конуштардагы жер тилкелерин мыйзамдаштырбай, анын жашоочуларынын укуктарын мыйзамдаштыруу туурасында пикирин билдирди.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов маалымат жыйынында жаңы конуштардын жашоочуларынын укуктарын мыйзамдаштыруу зарылдыгын билдирди. 

Анын айтымында, Бишкектин айланасындагы жерлер кезегинде басып алуучулук менен алынгандыгын ачык айтыш керек. 

"Баш мыйзамда айтылгандай, Жарандардын социалдык кепилдиктерге жеткиликтүү болушун сунуштайбыз, бирок, бул жер тилкелерин мыйзамдаштыруу дегендик эмес. Бул жерлер муниципалдык болуп кала берет, башкача айтканда, пайдаланууга убактылуу берилет", — деди Кулматов. 

Шаар башчысы Башкы план боюнча шаардын таштандыларын төгүүчү жайдын жанына жаңы конуш эмес, сейил бак аймагы түшүшү керек эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0