Ниязалиева: ар бир эне үчүн баласынын өмүрү өзүнүкүнөн да кымбат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВице-премьер-министр Кыргызской Республики Дамира Ниязалиева посетила Национальный центр онкологии
Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Дамира Ниязалиева посетила Национальный центр онкологии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер-министр балдары онкологиялык илдет менен жапа чеккен энелерди Аялдардын Эл аралык майрамы – 8-март күнү менен куттуктап, аларга өздүк каражатынан 102 миң сом берди.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. "Балдар – бардыгынан кымбат, ар бир эне үчүн баланын өмүрү анын жашоосунан да кымбат жана биз балдарыбыз үчүн бардыгына даярбыз", — деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Онкология боюнча Улуттук борбордун балдар бөлүмүнө барган учурунда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Ооруканага барган учурда Ниязалиева энелеринин кароосунда болуп, дарыланып жаткан балдар менен жолукту. Вице-премьер-министр балдары онкологиялык илдет менен жапа чеккен энелерди Аялдардын Эл аралык майрамы – 8-март менен куттуктап, аларга күч-кубат жана балдардын тез айгыып кетишин каалайды. 

"Чын дилимден сиздерди 8-Март майрамыңыздар менен кутутктайм. Жаркырап тийген күн, жазында табияттын жанданышы биздин жүрөгүбүздү жылытып, алдыга жетелеп, жарык маанай тартуулайт. Балдар жакындан тарта жакшы болуп, сиздерди жана жакындарын күлкүсү менен кубантат деп ишеним кылам", — деди вице-премьер.

Жолугушууунун аягында Ниязалиева өзүнүн жанынан онкологиялык оорудан жапа чеккен балдарынын жанында болуп жаткан 34 аялга 102 миң сом берип, ар бир бир энеге 3 миң сомдон каражат тапшырылды. 

Маалымат кызматы Өкмөттүн резервдик фондусунан балдардын онкогематология бөлүмүндөгү балдарга дары-дармектерди сатып алуу үчүн 200 миң сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0