Жогорку Кеңештин төрагасы аялдарды эл аралык күнү менен куттуктады

© Фото / пресс-служба ЖК КРАсылбек Жээнбеков. Архив
Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асылбек Жээнбеков аялзаты ар дайым аалам ажары, үй-бүлө куту болуп келгенин жана боло берерин белгиледи.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. КР Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков айымдарды аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, 8-март – жыпар жыттуу, өмүр жыттуу өзгөчө майрам экенин белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

"Сиздер адам баласына өмүр тартуулаганыңыздар үчүн миң мертебе ыраазычылык айтсак да арзыбас. Бешик ырын ырдап, дүйнөнүн туткасын кармаган энелер бар үчүн жашообуз уланып келет. Элибиздин көөнөргүс каада-салтын, тарыхын сактап, муундан муунга өткөзүүдө аялзатынын эмгеги баа жеткис. Апаларыбыз эзелтен үйдүн өчпөс коломтосу болуу менен бирге, эгемен кыргыз мамлекетин курууга опол тоодой салым кошушкан. Биз сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз", — деп айтылат куттуктоодо.

Аялдардын эл аралык күнү белгилөө демилгесин Германиянын социал-демократтар партиясынын аялдар тобунун лидери Клара Цеткин 1910-жылы Копенгагенде өткөн Иштеген аялдардын 2-эларалык конференциясында көтөрүп чыккан. Цеткин бул майрам ар бир өлкөдө бир күндө майрамдалышын сунуштаган. Майрамдын максаты аялдардын өз укугун коргоого күрөшүүсү болгон.

Бүгүнкү күнү бул майрам баштапкы максатындагыдай белгиленбейт. Ал жаздын келиши, аялзатынын сулуулугун, назиктигин жана аялдарга көңүл буруу катары белгиленип келет.

Бул майрам Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 1975-жылдан бери "Аялдардын эл аралык күнү" катары расмий макам алып, майрамдалып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0