Жума намаз күнү борбордук мечиттин айланасы ирээтке салынып турат

Жазылуу
Жума намаз маалында борбордук мечиттин айланасындагы жол тыгынын жаратпоо үчүн муфтияттын жана райондук жол кайгуул кызматынын кызматкерлери коомдук тартипке көзөмөл жасашты.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук мечитинде жума күнкү авто тыгын көйгөйүн ирээтке келтирүү боюнча ИИМдин Свердлов райондук жол кайгуул кызматынын кызматкерлери, Кыргызстан Ислам Университетинин окуучуларынан түзүлгөн 20 кишиден турган топ, иш алып барды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Жума намазга келген жарандардын жана жашоочулардын ыңгайлуулугун камсыздоо аракети бүгүн саат 12:15де башталган. Жол кайгуул кызматы траспортторду толугу менен көзөмөлдөштү. Кызыл жагоо байланган дин кызматкерлери мечиттин ички жана сырткы, ошондой эле Борбордук мечиттин жанындагы тротуарга намаз окууга болбой турганын эскертишип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Муфтияттын билдиришкендей, мындай аракеттер ар жума күнү улантылат. 

Жума күнкү намаз маалында мечиттин айланасына ой келди токтотулган унаалар намазга келгендерге жана башка жүргүнчүлөргө тоскоолдуктарды жаратып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0