Татарстан менен Башкыртстандын президенттеринин расмий сапарынан улам көчөлөр жабылат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Татарстандын президенти Рустам Минниханов жана Башкыртстандын президенти Рустэм Хамитовдун Кыргызстанга болгон расмий иш-сапарынан улам Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 3-4-март күндөрү Бишкек шаарынын Манас, Чүй проспектилеринде жана Ахунбаев, Раззаков, Орозбеков көчөлөрүндө унаа кыймылы маал-маалы менен чектелерин Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен Татарстан жана Башкыртстан мамлекеттиринин президенттери келет.

"2-мартта Бишкекке расмий сапар менен Татарстандын президенти Рустам Минниханов баштаган делегация келди. Ал эми 4-мартта расмий сапар менен Башкыртстандын президенти Рустэм Хамитов келет. Андыктан бир катар көчөлөргө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат", — деп айтылат Бишкек ШИИБ тараткан билдирүүдө.

Бишкек шаардык ички иштер башкармылыгы айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылып, ылайыктуу каттамды алдын ала тандап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0